7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде 2 жаран Хизбут-Тахрир уюмунан баш тартты

660

Ноокенде 2 жаран Хизбут-Тахрир уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

Ноокен районунун 2 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттодон чыгарылган. Ошондой эле мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 191 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Облус аймагында ЭММКАК багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661