7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: «Ворух анклавын Баткендин жерлерине алмаштырууга даярбыз»

759

Тажикстан менен чек араны тактоодогу негизги маселе Ворух анклавы болуп жатат. Бул боюнча Кыргызстан кошуна өлкөгө 2 сунуш берди. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан Ворух анклавын Баткендин жерлерине алмаштырууга даяр.

«Анклавдын аянтын ченеп чыгып, толугу менен такталат. Анклав мындан ары кеңейбейт. Бирок аларга өзүбүздүн жерибизден пайдалануу үчүн гана жер берип турабыз. Экинчиси, биз Ворух анклавын алмашканга даярбыз. 12 миң 300 гектар жерди бизге берсе, анын ордуна Лейлек жана Баткен райондорунан жер берүүгө макулбуз. Кыргызстан кайсы жерлерди бере ала турганын да аларга кабарлап койдук. Бирок азырынча Тажикстан тараптан бизге жооп келе элек, —деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Ворух Тажикстандын Кыргызстанда жайгашкан эксклавы болуп саналат. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдары менен чектеш жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуу көбүнчө ушул аймактан чыгып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760