7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек

1149

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта журналисттерге берген маалымат жыйында Өзбекстан менен биргеликте курулары айтылып жаткан «Камбар-Ата-1» ГЭСи боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

— «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу куралы деп Орусияга президент Садыр Жапаров менен болгон иш сапарда сунуштадык. Бирок, алар Кыргызстанда электр энергиясы арзан болгондуктан, макул болгон жок. Андан кийин президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик сапарында Касым-Жомарт Токаевге сунуштады. Алар болсо азырынча Казакстанда электр энергия жетиштүү экенин айтты. Кийин Садыр Жапаров Өзбекстанга барганда «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу курууну сунуштады. Алар макул болушту.

Ошондуктан биз башка мамлекеттерди карап отура бербей, Өзбекстан менен биргеликте куруу боюнча чечим кабыл алып жатабыз. Курганда кандай курулат? Биз жерди берсек, сууну берсек, алар ГЭСке канча акча кетсе да курушат. Андан кийин гана пайызын белгилейбиз. Орто эсеп курулушуна 2 млрд доллар керектеле турганы айтылып жатат. Алар ошол акчаны ГЭС актаганча 10 жыл болобу, 25 жыл болобу, ошол жерден кетишпейт. Аны убакыт көрсөтөт. Качан гана Өзбекстан курлушту каржылаган акчасын алып кеткенден кийин, ГЭС кайра эле бизде, мамлекетте калат.

Ошондуктан биз күтүп отура бербей «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1150