7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду

634

Ноокенде айылдашынын огунан өспүрүм каза болгонун Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

25-августтан 26-августка караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы С.Б. аттуу тургуну почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралынан бир ирет ок чыгарган. Ок аталган айыл аймактын 15 жаштагы тургунунун баш тарабына тийип, өспүрүм алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Окуя Ноокен РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635