7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде эс алуу жайларда таштанды өрттөгөндөргө 35миң сом айып пул салынды

260

Ноокен районунун аймагында жайгашкан эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында ыкчам рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Анын жүрүшүндө айрым эс алуу жана тамактануу жайларында таштандыларды Алаш сайына таштоо жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 35 550 (отуз беш миң беш жүз элүү) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аталган жайлардын ээлерине таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди. Аныкталган таштандылар тазаланып, аймактар иретке келтирилди.

261