7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарык менен музыка коштолгон кооздук: Филармониянын жанындагы фонтан жаңыланды

140

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан жаңыланып, жарык-музыкалык система менен жабдылды.

Мэриядан билдиришкендей, күн мурун шаар мэри Айбек Жунушалиев Жаштар аллеясындагы көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаңыланган фонтандын техникалык ачылышына катышты.

Фонтанга заманбап суу тазалоочу жана жалбырак чогултуучу жабдуулар орнотулуп, «бийлеген» суу эффекттери менен коштолгон жарык-музыкалык система ишке киргизилди.

Ошондой эле филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки фонтан жаңыланды. Аймакта ирригация жана тышкы жарыктандыруу системалары модернизацияланып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана таштанды челектери орнотулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн алты пандус да орнотулууда. Мындан тышкары, филармониянын фасады жаңыланууда.

141