Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруулат. Бул тууралуу президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
“Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы «Art Soft Holding» жана «SASSA GROUP» компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду” – деп айтылат маалыматта.
Долбоорго ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун жалпы наркы 31 млн АКШ долларын түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын түзүү каралган. Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлмөкчү.