7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштанды акысын убагында төлөбөсөңүз, ушинтип барактарды чаптап кетишет

398

«Тазалык» муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери катуу тиричилик таштандылары үчүн карызын төлөбөгөн жарандарга рейд жүргүздү.

Бишкектин төрт районунда жеке жана юридикалык жактардын төлөбөгөндөрдүн дарбазаларына жана тосмолоруна «Тазалык сенден башталат» деген жазуу чапталган.

Натыйжада 120 абоненттен 181 миң 153 сом чогултулган. Бул акция карызы барларды  коомчулук алдында абийирге чакырып, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу аракети болуп саналат. Мындай рейддер жума сайын өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында шаар тургундарынын жана ишкердик субъекттеринин «Тазалык» муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 миллион сомдон ашат.

399