Казакстандын Алматы шаарында хостел өрттөнүп, анын кесепетинен 13 адам көз жумду. Бул тууралуу казак басылмалары Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянуу менен билдиришти.
«Өрт үч кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнөн чыккан. Анын биринчи кабаты менен жер төлөсү хостел катары пайдаланылып келген. Кырсык болгон учурда 72 адам болгон», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, адамдар иске ууланган. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын жети бригадасы тартылды. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.