Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.
“Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды челектерге салып, шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла”- деп берилет билдирүүдө.