7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

206

Кыргызстанда ички иштер органдары Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында ИИМ уюштуруу жана практикалык чараларды көрүү менен коопсуздук чараларын күчөтүүдө.

Министрликтин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” буйругуна ылайык, укук тартибин сактоого, анын ичинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иш-аракеттер планы иштелип чыкты.

18-марттан 23-мартка чейин Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы эски аянты жабылат. Мындан тышкары, Абдымомунов көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы чектелет.

ИИОнун аймактык бөлүмдөрүндө коопсуздукту камсыздоо, коргоону уюштуруу, ар кандай кырдаалдарга ыкчам чараларды көрүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоо, жарандарга маданияттуу, сылык мамиле кылуу боюнча тескемелер өтүүдө.

Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Ошондой эле майрамдык иш-чараларды өткөрүүчү жерлерде коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат.

207