Атактуу “Титаник” тасмасынын жаңы версиясы фильмдин 25 жылдык юбилейине карата экранга чыгат. Кинонун режиссеру Джеймс Кэмерон жаңыланган версия кинотеатрларда 3D 4K жана HDR форматтарында көрсөтүлөрүн белгилеген.
«Тасма 2023-жылдын 14-февраль — сүйүшкөндөр күнүнө карата чыкмакчы»,-дейт режиссер.
Легендарлуу тасма 1997-жылы чыгарылган. “Титаник” 11 Оскар сыйлыгына татып, ал эми башкы ролдорду аткарган Леонардо Ди Каприо менен Кейт Уинслет дүйнөлүк атактуулукка ээ болушкан.