Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мигранттардын Орусия аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жолугушууда эки тарап эмгек мигранттарынын арасында депортация маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иши күчтөндүрүлүшү керектигин талкуулашты.
«Россиялык тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт, бирок мигранттар өз кезегинде расмий абалын тастыктап коюусу зарыл. Жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартуу керек. Ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экендигин жеткирүү зарыл», — деп белгилейт Новиков.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Орусия тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүлөрүн билдирген. Россиянын аймагында СНГ мамлекеттеринен жалпы 1,5 млн жаран каттоосуз жашайт.
Анын ичинде Орусиянын аймагында каттоосуз жашаган Кыргызстандын жарандары 115 миңге чукул деп берилет. Алар 15-июнга чейин расмий абалын тастыктабаса, депортацияланат жана айып пул каралат.