7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9-май Жеңиш күнүнө карата кимдер, канчадан жөлөкпул ала алат?

1183

Өкмөт  Улуу Ата Мекендик жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы тастыктайт.

Токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон чечимге ылайык,  9-майга карата жыл сайын  төмөнкү категориядагы жарандарга бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 сом өлчөмүндө;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 сом өлчөмүндө;
  •  Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 000 сом өлчөмүндө;
  •  Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
  •  Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000  сом өлчөмүндө;
  •  Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 сом өлчөмүндө.

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1184