Бүгүн, 24-апрель Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы! Президент Садыр Жапаров аларды кесиптик майрамы менен куттуктап, алдыда калкты жана турак жай фондун электрондук форматка өткөрүү милдети тураарын эскертти.
« —Сиздердин алдыңарда жаңы милдеттер турат. Расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу боюнча бардык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган санариптик маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жолу менен статистикалык системаны модернизациялоо процессин тездетүү керек.
Ушул жылы калкты жана турак-жай фондун каттоону электрондук форматта өткөрүү зарыл, бул алынган маалыматтарды чогултууну тездетүүгө жана сапаттуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Статистика органдарынын бирдиктүү жамааты бул милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем.
Кызматтык жана кесиптик милдеттериңиздерди жоопкерчиликтүү аткарганыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.
Сиздерге — Кыргыз Республикасынын статистика кызматкерлерине жана ардагерлерине ден-соолук, бакты-таалай жана ийгилик каалайм!
Майрамыңыздар менен!», -дейт расмий куттуктоодо.