7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноябрь айында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт

977

Кыргызстанда ноябрь айында бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, «Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун алкагында анын экинчи гидроагрегатынын гидромеханикалык жабдыктарын жана затворлорду оңдоо иштери аягына чыгып калды. Учурда жабдыктардын иштөө мүмкүнчүлүгү сыноо режиминде текшерүүдөн өтүүдө. Биз бардык жабдыктарды иштетип көрүшүбүз керек. Алгачкы план боюнча, агрегатты ишке киргизүү 15-ноябрга белгиленген. Бирок, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 11-ноябрда ишке киргизүү чечими чыкты. Мындан улам, экинчи гидроагрегатты ишке берүүдө анын жанындагы агрегаттарды өчүрүүгө туура келет. Ал учурда электр тармагында дефицит пайда болуп, бүгүн жана эртең жарык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн», -деген ал.

Айдаралиев ушул жылдын ноябрынын аягында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке берилип, анда дагы өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин кошумчалап, жарык бир саатка өчүрүлүшү мүмкүн”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

978