7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурайым Азыкбаева ырдап Хюррем Султанды ыйлатты. Окуя Супарада болгон

2782

Түркиянын «Даңазалуу доор» сериалынын баш каарманынын бири, түрк-немис актрисасы Мерьем Узерли Кыргызстанга келген учурунда аларды сыйлоо иретинде ырдаган Нурайым Азыкбаеванын англис тилинде ырдаган ырын өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. Анда ал ырчынын аткаруусуна суктанып, көзүнө жаш алган.

“Урматтуу Нурайым Азыкбаева, сиздин энергияңыз, аткарууңуз, жагымдуу ырыңыз менен үнүңүз, бизге ачкан кучагыңыз, биз үчүн ырдаганыңыз мага терең таасир этти. Мени ушундай сезимге тушуктурганыңыз үчүн чоң рахмат. Сиз мыкты ырчысыз. Жүрөгүм Кыргызстан”, — деп жазган.

Эске сала кетсек, түрк-немис актрисасы Мерьем Узерли Кыргызстанга 6-сентябрда келген. Бир эле күнгө келгендигине байланыштуу күйөрмандарына жолуга албай калды. Бирок кыскача маалымат жыйынга катышып кетти. Иш чаранын соңунда уюштуруучулар “Супара” эс алуучу этно комплексине алып барып сыйлашкан. Анда Нурайым Азыкбаева, Гүлзада Рыскулова ж.б. ырчылар ырдашкан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2783