7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурбек Изабеков: Париж олимпиадасында да алтын алганга бардык күчүбүздү жумшайбыз

525

Машыктыруучу Нурбек Изабеков Париж олимпиадасында да ийгиликтерди багындырганга бардык күч аракетин жумшаарын журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча курама командасы Белград (Сербия) шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 5 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.

Эркин күрөшү боюнча 61 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумабек уулу коло медалга ээ болгон. Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 кг чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов алтын медалга ээ болгон.
Жалпы командалык эсеп боюнча курама команда 3-орунду ээлеген. Ал эми 1-орунду Жапония жана 2-орунду АКШ ээледи.

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш болуп эсептелет. Жолдомону ар бир Олимпиадалык салмак ченинде бештен балбан алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526