7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Спортчуларыбыздын ийгиликтери татыктуу бааланат деп сөз беребиз

218

Президент Садыр Жапаров Сербиядагы күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатында алдыңкы орундарды багындырып, ийгилик жараткан кыргыз спортчуларын куттуктады.

Өлкө башчысы өз сөзүндө белгилегендей, ата мекендик спортчулар командалык эсепте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 3-орунду камсыз кылып, тарых баракчасын жаңылап, жалпы кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөштү.

«Алдыга максат коюп, тер төгө мээнет кылып, натыйжада дүйнө элинин көз алдында кыргыз байрагы бийик желбиреп, гимнибиз жаңырганда, жеңишти камсыз кылган спортчулар кандай толкундаса, мындай кубанычтуу көз ирмемдерди көгүлтүр экрандан көрүп турган кыргызстандыктар эки эсе толкунданып, төбөбүз көккө жете сүйүнгөн учурду сөз менен айтып берүүнүн өзү кыйын болуп турат. 2024-жылы Парижде өтө турган 33-Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат деп сөз беребиз», — деди президент.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө баса белгилегендей, бул жолку чемпионатта кыргыздын көк жал уулу Акжол Махмудовдун сабырдуулугу менен ишенимдүү ар бир аракетин, Жоламан Шаршенбековдун илбирстей ыкчамдыгын жана Жумашбек уулу Тайырбектин кынтыксыз кыймылын ар бир кыргызстандык көз ирмебей кылдаттык менен карап отурду.

«Ал эми кыргыздын кыз-келиндер күрөшүнө ак жолтой болуп, албан-албан ийгиликтерди алып келген алтын кызыбыз – Айсулуу Тыныбекова алтын медалды жеңет деп алдын ала бекем ишенип турдук. Айпери Медет кызы жаракатына карабай, намыс деп аягына чейин күрөшүп күмүш медалдын ээси болду, буга да Кудайга шүгүрчүлүк келтирели», — деди президент.

Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди.

Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

219