7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев Курулуш компанияга 200 миң сом айып салды

119

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө аймагындагы бардык курулуш объектилерине карата рейддик иш-чараларды уюштуруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

“Имаратты жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн «Палладий Групп» ЖЧКсына карата 200 000 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди”, — деп жазылат маалыматта

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат.

120