7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев “Манас-Ордодогу” курулуш иштерине байланыштуу компанияга эскертүү берди

16

Нурдан Орунтаев 26-апрелде иш сапары менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында Талас шаарында ишке ашырылып жаткан беш ири долбоордун курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди.  Бул тууралуу курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Манас-Ордо комплексиндеги реконструкция иштери белгиленген графиктен артта калып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана курулуш компаниясына расмий эскертүү берилди.

Министр курулуш иштерин тездетүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, 10 күндүн ичинде ишти жандандырып, конкреттүү жыйынтык көрсөтүүнү тапшырды.

Долбоорго ылайык, комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилде жасалган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө арналган борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын камтыган галерея жана 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору каралган. “Манас-Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун алкагында музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Анда кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап ыкмада, улуттук стиль менен айкалыштырылып чагылдырылат.

Белгилей кетсек, аталган комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Объектинин долбоору министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.

17