7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиадага даярдоо. Мугалимдерге 500 миң сомго чейин сыйлык жана эмгек акы төлөнөт

125

Окуучуларды эл аралык жана республикалык олимпиадаларга даярдоого кошумча сыйлык жана эмгек акылар каралды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.

Анын айтымында, окуучулар жеңген учурда мугалимдерге төмөндөгүдөй төлөмдөр төлөнөт:

Эл аралык олимпиадада (Эл аралык комитет уюштурган)

  • 1-орун – 500 миң сом;
  • 2-орун – 300 миң сом;
  • 3-орун – 300 миң сом.

Респбуликалык олимпиадада:

  • 1-орун – 10 миң сом;
  • 2-орун – 7 миң сом;
  • 3-орун – 5 миң сом.

“Эл аралык олимпиада үчүн сый акы мугалимге бир жолу төлөнөт. Ал эми республикалык олимпиада үчүн берилген кошумча төлөм мугалимдин бир жылдык эмгек акысына ай сайын кошулуп турат”,-деп белгиледи Баймуратова.

126