Бүгүн, 2021-жылдын 3-майында, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жогорку соттун төрайымы каргашалуу окуяда жаракат алган мекендештердин, күч структураларынын бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин саламаттыгынан кабар алып, тез сакайып кетишин тиледи.
Нургүл Бакирова Мекенди коргоодо тайманбас эрдик көрсөтүшкөн чек арачылардын каармандыгын, баатырдыгын баса белгилеп, сот тутумунун атынан акчалай жардам көрсөттү.