7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик огунан качып, каналга чөгүп каза болгон Адибин 5 жашта болгон

530

Интернет желесинде 5 жаштагы бала каналга кулап каза болгондугу кече, 2 май кечинде чыга баштаган. Расмий булактар, 3-май 15:30га маалыматты тактап, маркум  Арка-2 айылынын 01.07.2016-жылы туулган тургуну  Турсунбаев Абидин Алибекович экендигин билдирди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы бул маалыматка төмөнкүдөй расмий жооп берет:

«29-апрель Лейлек районунун Арка айылына тажик тараптан ок атылып баштаган учурда, жергиликтүү тургундар айылдан качып чыгышкан. Качып баратып Арка-2 айылынын тургуну 01.07.2016-жылы туулган Турсунбаев Абидин Алибекович айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.

Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБнин маалыматтардын электрондук жураналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат» -деп билдирит Баткен ОИИБнин басма сөзкатчысы Дамира Юсупова.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан, тажик аскерлеринин огунан жалпы 34 жаран каза болгондугу эрте мененки брифингде айтылган болчу.

Бүгүн түшкө маал бир эркек кишинин сөөгү өрттөңгөн үйүнүн ичинен табылгандыгы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, 3-май кечки 16:00гө карай каза болгондордун саны 36га жеткендигин 7-каналга телефондон тастыктады.

Ошону менен бирге, издөө, иликтөө иштери дагы да уланып жаткандыгын эскертет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531