Борбор калаадагы карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жапа чеккен мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которушуп, пенсионерлер акча чогултушкан.
Мындан тышкары, алар жылуу кийимдерди, матрацтарды, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын чогултушуп, Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр болгондорун белгилешти.