7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нургазы Анаркулов: «Бекназаровдор жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн айла-амалын кылып жатышат!»

283

Нургазы Анаркулов, “Майдан.kg” гезитинин башкы редактору: “Бекназаровдор жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн айла-амалын кылып жатышат!»

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун кайрадан камакка алынышы кызуу талкуу жаратты. Бул маселеге байланыштуу кесиптешибиз Нургазы Анаркуловдун дагы аты «дүң» дей түштү. Ушул маселеге байланыштуу, Нургазы мырзага эки-үч суроо менен кайрылдык.

— Саламатсызбы? Азимбек Бекназаров уулу экөө улам эле кайрылуу жасап, сиздин атыңызды атап жатат. Деги эмне болуп атат, түшүнгөн жокпуз?

— Саламатчылык. Мен муну жоопкерчиликтен кутулуунун айла-амалы деп түшүнөм. Азимбек акени Аксы окуясы учурунан бери билем, бирок, өзүнүн жеке саясатында мага окшогон, канча жылдардан бери колдоп келаткан инилерин дагы отко салып бергенден кайра кайтпастыгына айран таңмын. Аман болсун!

— Өзү деги эмне болду эле?

— Мен дагы сиз сыяктуу эле, маалымат каражаттарынан Азимбек акени кайрадан суракка чакырып жатканын угуп калып, ал-абалын сурап, телефон чалдым. Бул киши бийликке болгон таарынычтарын айтып, кеп-кенеш сурады. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди көп жылдан бери, айрыкча оор күндөрдө колдоп келе жатканымды билет, «сүйлөшүп бер»- дегендей ишарат жасады. Өмүрү бирөөгө ортомчу болгон адам эмесмин. Анын үстүнө, мен азыр эркин журналистмин, аларга кайрылгыдай мен киммин? Ар ким өз жумушу менен алек болушу керек да. Бийликтин ынтымак жана биримдик саясатын колдогон пост жазууну ойлонуп жүргөн экен, журналист катары каталарын карап, кеп-кенешимди айттым. Анан эле жаман иш болуп кетиптир. Карасам, Руслан Бекназаров мени «хит» кылып ийиптир ..

— «Ташиевдин атынан түрмөгө чейин кирип чыккан», «Самсаалы Четинбаев экөө келип, сүйлөшүп кеткен»- дейт го о?

— Мен пост жазып, ошол жерде баса белгилеп өттүм эле — каратып туруп калп айткан адамдарды жинимден жаман көрөм. Журналист катары, башына оор күн түшкөн кайсы саясатчы болбосун, ар дайым колдоп келгем. Колдой берем. А Азимбек аке абакта жатканда өзү бирөөлөр аркылуу мени «келип кетсин»- деп суранган. Буга күбөлөр бар. Ансыз деле акемден кабар алайын деп жүргөн элем. Иниси катары айтканын жерге таштабай, абакка барып, жолуктум. Мен бийликте тургансып, анда да мага опурулуп-жапырылды. Абалын өзүнүн чакыруусу менен сурап барган адамга жасаган бул мамилесине аябай капа болгом. Анан эле азыр, «Ташиевдин атынан…»- деп саясат жасап атышат. Уят деген такыр жок калыптыр.
Самсаалы Четинбаевди аксылык жердеши катары, Бекназаровго түз байланышым жок болгондон улам. “аке, каякта экен, абалын сурап барып коелу”- деп атып, ээрчитип алгам. Андан деле сурасаңыздар болот, эч кандай саясаты жок эле, аке-үка катары ал-жай сураштык. Ошондо мен абакка барганда кылган мамилеси үчүн кечирим сураган, болду, башка сөз болгон эмес. Ушуну да саясат кылып жатышканы — адамгерчиликке жатпайт. Минте беришсе, эртең эч ким абалын сурабай калса кантишет?

Мага кимдир-бирөө сыр айтып кайрылса, аны сактаганды билем. Булар мени кошуп саясат жасайм деп, өздөрүнүн абийирин төгүп алышты. «Бекназаров адатын калтырбайт экен да, кайра соодалашып жатыптыр»- деген тыянактын чыгышына өздөрү күнөөлүү.

Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе — мага текстти карап бер дегенде, мен Азимбек акенин бетине айткам: Камчыбек Ташиевге карата анын «жасалма генерал», «Өзбек Республикасынын Баатырысын»- деген сөздөрү өтө орой чыккан. «Эмоцияга берилип айтып алдым»- дейт. Мен ага ишенбейм, толук акыл-эси ордунда туруп айтты. Бул тактап айтканда, Ташиевди «эл чыккынчысы» деген кеп. Кечирим сурап койсо болмок. А кимдин чынында чыккынчы экенин көрүп жатабыз.

А бүгүн алар жоопкерчиликтен кутулуунун амалында жалгандын боткосун чалып жатышат. Убактылуу өкмөттүн тушунда акчаларды уурдап, бөлүшүп жешкен болсо, бул бийликтин эмне күнөөсү бар? Колу менен кылганын мойну менен тартышсын эми.

Маектешкен: Айсулуу Урустамова

284