7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын депутаттарын шайлоого добуш берди

350

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо тилкесине барып, шаардык кеңеш үчүн өткөрүлүп жаткан өнөктүктө добуш берди.

Андан соң төрага шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган байкоочулар менен да баарлашып, добуш берүү өнөктүгү кандай өтүп жатканы боюнча маалымат алды.

Шакиев бул шайлоонун мааниси өтө чоң экенине токтолуп, калааны өнөктүрүүдө жана тургундардын жашоо шартын жакшыртууда шаардык кеңештин ролу арбын экенин кошумчалады.

“Андыктан, ар бир шаар тургуну шайлоого жоопкерчиликтүү карап, өзү каалаган, өзү ишенген талапкерлерге добушун бериши керек. Эгер шайлоого катышпай турган болсо, өз шаарына, келечегине кайдигер караган болот”, — деди төрага.

Муну менен катар Бишкек шаары өлкөнүн борбору эле эмес, бардык жаңылануулардын башатында турган калаа экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Ага ылайык, бул шайлоодо борборубуздун өнүгүшү үчүн талыкпай иштеп, чыныгы эл өкүлдөрү катары өз үлүшүн кошо турган талапкерлер тандаларына терең ишенем», — деди.

 

351