7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кеңешинин жыйынына катышты

365

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйын Россиянын Санкт-Петербург шаарында өттү. Анда КМШга мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш пландар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле жыйында кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аталган кызматка Россиянын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шайланды.

Белглей кетсек, төрага Шакиев КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасары күтүлүүдө.

366