7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Тургунбек уулу: “Мамлекеттик гимн марш стилинде эмес, бардыгы ырдай алгыдай гимн болушу керек”

153
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: “Мамлекеттик гимн марш стилинде эмес, эркин формада бардыгы ырдай алгыдай гимн болушу керек”
Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы тексти жана музыкасы кечээ тармактык комитетте каралганын, бирок ойдогудай, татыктуусу жок экендигин баса белгиледи.
“Андыктан, комитеттин алкагында гана карап, артка кайтаруу чечимин кабыл алдык. Биздин максат эптеп эле гимнди өзгөртүү эмес, жети жаштагы баладан, жетимиш-сексен жаштагы карыяга чейин эркин ырдаган мыкты текстти жана обонду тандоо. Көргөнүбүздөй буга чейин келген сунуштардын бардыгы марш стилинде жазылган. Бирок аны көпчүлүк ырдай албайт. “Кыргыз жери”, “Мекеним мейкин” деген ырларга окшогон эркин формадагы эмгектер жазылышы керек болчу. Биз советтик түзүлүштөгү марш стилинен кетишибиз кажет. Биздин гимн мамлекеттик гана иш-чараларда эмес, ар кандай маарекелерде да эркин ырдалгыдай гимн болушу керек”, – деген Нурланбек Тургунбек уулу сынакка катыша турган авторлорду аталган маселеге астейдил көңүл бурууга чакырды.
Тагыраагы, сынак дагы улантыларын айткан Төрага ага бардык кыргызстандыктар катышса болорун жана жеңүүчүлөргө Президент тарабынан атайын сыйлыктар да каралганын эске салды.
154