7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Март айында Москвада кыргыз мигранттарынын маселеси талкууланат

251

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков мигранттардын маселесин көтөрдү.

Ал Россияда иштеп жаткан жарандардан абдан көп кайрылуулар түшүп жатканын баса белгиледи.

«Мигранттар ал жакта укуктарыбыз тебеленип, кыйналып жатабыз деп даттанып жатышат. Көйгөйлөрү абдан көп. Ошондой эле биздин тигүүчүлөр да жүктөрүбүз Россиянын чек арасында токтоп турат, товарды өткөрбөй жатышат деп ыйлактап жаткан учуру. Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары шайланды, эми сиз спикер катары Володин жана Матвиенко менен расмий жолугушуу уюштуруңуз. Депутаттарды Москвага алып барып, бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүңүз. Биздин милдетибиз — элдин көйгөйүн чечүү», — деп айтты ал.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Тургунбек уулу бүгүнкү күндө ага Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинден расмий сапар менен келүүгө чакыруу келгенин белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын март айынын үчүнчү декадасында сапар менен барып, ал жерде бул көйгөйлөрдү карап чыгабыз», — деп жооп берди ал.

252