7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурсултан Кеңешбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

741

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Тегеран шаарында (Иран) өткөн Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Нурсултан Кеңешбеков 1500 м (3:49:10) жана 3000 м (8:08:85) аралыкка чуркап 1-орунду ээлеген. Ошондой эле Айнуска Калил кызы 1500 м (4:35:29) аралыкка чуркап күмүш медалга ээ болсо, 3000 м аралыкты 9:27:18 секунду убакытта чуркап өтүп 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, 17-февраль күнү башталган Тегеран шаарындагы (Иран) Азия чемпионаты бүгүн 20-февралда жыйынтыкталат.

Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

 

742