7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олипиадада 6 медаль утту

538

10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандын 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.

Алар:
— Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
— Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
— Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
— Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
— Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
— Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;
Команданын лидерлери:
— Кылычбек Урайымов, Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери;
— Медербек Осмонов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;
— Нургул Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;
— Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.

Олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

 

 

 

539