Нью -Йорктун соту Кумтөрдүн мүлкүн камакка алууну четке какты. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова кабарлады.
Белгилей кетсек, Кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» компаниясына алтын казууда экологиялык талаптарды одоно бузду деп доо коюп, Кумтөргө сырттан башкаруу киргизген. Центерра өкмөттүн бул чечимине каршы Нью-Йорк сотуна кайрылып, Кумтөрдүн мүлкүн камакка алууну өтүнгөн.
Бирок, Бүгүн 16-сентябрда белгилүү болгондой Нью-Йорк соту Центерранын талабын аткаруудан баш тарткан.
Тийиштүү өкүлдөрдөн комментарий алып, маалыматты толуктоого аракет кылабыз, лентага көз сала туруңуз.