7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламенттик шайлоого Мырзакматов менен Эратов бирге барат

786
Мелисбек Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик саясий партиясы жана Сайитжан ​​Эратов төрагалык кылган “Мекен сакчысы” коомдук бирикмеси алдыда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого биргелешип катышарын жарыялады. Бул тууралуу “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынан билдирди.
Тараптар мамлекеттик чек ара коопсуздугуна тиешелүү маселелерди чечүүдө салым кошуу үчүн болгон аракеттерин бириктирүүнү көздөшүүдө. Кыргызстандын туруктуулугуна жана мындан ары өнүгүүсүнө аракеттерибизди бириктирүүгө тийишпиз дейт Сайитжан Эратов.
Тилекке каршы, биздин өлкөдө жашынан карысына чейин саясат менен алектенип калышты. Сүйлөшкөн сөздөрү саясат жана баалардын көтөрүлүшү. Ошол эле учурда мекенге болгон сүйүү анын чек араларынан башталаарын көпчүлүк түшүнө бербейт! Мен өмүрүмдүн 28 жылын Ата Мекенге кызмат кылууга арнадым жана бул кесипти абдан жакшы билем. Кыргыз эли улутуна карабастан мекенин чын дилден сүйүшөт, пандемия учурунда, андан соң акыркы Баткен окуяларында биримдиктин жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтө алышты. Мен өз мекенимдин чыныгы патриоту катары, эгер керек болсо, биздин чек араны кайтарууга даярмын”, – деди Эратов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

787