7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таркатылган Ош АШКсынын мүчөлөрү БШКнын үстүнөн сотко кайрылаарын билдирди

408

Өткөн жумада БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясын- аял талапкерлерди массалык түрдө тизмеден чыгарганы үчүн таркатып жиберген. Бүгүн, 15-сентябрь таркатылган комиссиянын айрым мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп,  БШКнын бул токтомун жокко чыгаруу сунушу менен, Биринчи май райондук сотуна кайрылаарын билдирип чыгышты.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Жумабаев, мандаттан баш тартуу партиянын ичинде каралган иш экендигин, ага киришүүгө комиссия мүчөлөрүнүн укугу жок экендигин айтат.

«БШК мурунку төраганын ишин текшерип, иликтөө иштерин жүргүзбөй эле талапкерлердин массалык түрдө партиядан чыгуусу боюнча деген жүйө менен бизди таркатып салды. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлери боюнча айта турган болсок, ал чечимди биз чыгарганбыз. Алардын өздөрүнүн арызынын негизинде чечим чыгарганбыз. Аларды атайлап чыгарышканбы, мажбурлап арыз жаздырыштыбы аны аныктоо биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейт», — деди.

Ошондой эле комиссиянын мүчөсү болгон Азамат Эркинов, БШК комиссияны таркатып жибергендин ордуна, төрагасы болуп турган Урмат Аттокуровдун жоопкерчилигин карашы керек дейт.

«11-июлдагы шайлоодон кийин талапкердин иниси Кожоакбар Исмаиловго айып пул салганбыз. Бирок эмнегедир кийин ошол жаранга эскертүү берүү боюнча чечим тиркелип калыптыр. Төрага Урмат Аттокуровдон сураганбыз, ал аталган кагазды ортодон жыртып туруп, чыгып кеткен. Биз негизсиз чечимдерди кабыл алган эмеспиз. Ошентип бир адамдын айынан мынтип таркап отурабыз. Андыктан биз БШКнын токтомун жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна кайрылабыз», — деди Эркинов.

Эске салсак, 12 адамдан турган аймактык комиссия 23-майда түзүлгөн. БШК аларды таркатып жиберген соң, резервтеги мүчөлөр менен орду толукталгандыгын кабарлаган.

 Таркатылган Ош аймактык комиссиясынын курамы.

Фамилия Имя Отчество

Кем представлен

1

Эркинов Азамат Чолпонбаевич

п/п  “Ынтымак”

2

Сариева Гулаим Жаанбаевна

п/п “Республика”

3

Жумабаев Тынчтыкбек Ырысбекович

п/п “Мекен Ынтымагы”

4

Эрмеков Кыялбек Кубанычбекович

п/п “Улуттар биримдиги”

5

Шаванов Таалайбек Камалович

п/п “Ыйман Нуру”

6

Жусупова Зарема Зайлабидиновна

п/п “Бир-Бол»

7

Муратов Абдижалил Абдыразакович

Мамлекеттик кызматтын өкүлү

8

Буранова Елена Ивановна

Мамлекеттик кызматтын өкүлү

9

Ниязбеков Кушубак Мамашович

Мамлекеттик кызматтын өкүлү

10

Маматов Кудайберди Төлөнович

Мамлекеттик кызматтын өкүлү

11

Абдуллаева Чинара Турарбековна

Мамлекеттик кызматтын өкүлү

12

Аттокуров Урмат Төлөгөнович

Комиссиянын төрагасы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

409