7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Обончу, композитор Шеркул Дүйшөналиев дүйнө салды

280

Обончу, аткаруучу, композитор, педагог Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты.

Анын чыгармалары ыр сүйгөн кыргызстандыктардын көбүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Оркестр коштоосундагы концерттери жана симфониялык ырлары угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп калды.

Обончу чыгармачылык эмгек жолун Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана «Наристе» тобунда баштаган.

Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенип, республикалык фестивалдардын бир топ сыйлыктарына татыган.
«Жүрөгүм сезет», «Булактагы кездешүү», «Табият сыры», «Кумар көз», «Көңүл бөлсөң», «Ойлончу», «Сизге тааныш эмеспи», «Үйлөнүү тоюна», «Үмүт», «Жаштар бийи» жана башка обондорду жараткан.

281