7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ок атышып ойногон окуучулардын өздүгү аныкталды

505

“Аллаху акбар” деп кыйкырып ок атуучу куралдан ок атышкан балдар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-март күнү интернет булагынын социалдык тармактарында «7 канал official» инстаграмм баракчасында белгисиз ок атуучу куралдан ок чыгарып, курал көтөргөн окуучулар деп аталган видео тасма таркаган.

Аталган жагдай 01.03.2021-жылы Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРне катталып, тергөө амаладыры башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ош ОИИДин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине белгисиз ок атуучу куралын атып жана алып жүргөн окуучу балдарды тактоо боюнча тергөө тапшырмасы берилген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралын аткан жаш өспүрүмдөр Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургундары 17 жаштагы К уулу Б жана И.Р экендиги аныкталган.

Тергөө тобу тарабынан белгисиз үлгүдө болгон ок атуучу куралына кечиктирбестен алуу жүргүзүү жөнүндө токтом кабыл алынып, Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургуну 17 жаштагы И.Р агасы М.Унун катышуусунда бир даана 12 калибирлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынган. Ошондой эле ок ууу куралды ып видеого түшкөн балдар жакындарынын катышуусунда тергөөгө чакыртылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө: 2020-жылдын сентябрь айынын орто ченинде кундагы жок куралды жана аны менен бирге 1 даана ок даарыны үйүнөн алып чыгып, Эркин-Тоо айылынын четине классташ досу 17 жаштагы К уулу Б жана айылдашы 16 жаштагы С.Дны жолдон жолуктуруп, Р.Инин уюлдук кол телефонуна Интернет тармагына жайылган видео тасманы тартып алышкан. Ок атуучу куралынан К уулу Б ок чыгарып аткан, Р.И “ Аллоху-Акбар” деп кыйкырып үн салган, ал эми Д.С уюлдук кол телефонго видео тасмага тартып тургандыгы аныкталган. Р.И тасмага алынган видеону “Вотсап” аркылуу досторуна жиберип, андан ары интернет тармагына тарап кеткендиги белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

506