Бүгүн, 3-мартта социалдык тармактарда Төө-Ашууда жааган кардан улам унаалар жолго тыгылып жаткандыгы тууралуу видео тарады.
Анда кадр сыртында «Төө-Ашууда -7 градус суук болууда. Кардан улам унаалар тыгылып турат. Жолдор тайгак» деп айтылат.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшөрүн, унаалардын ортосунда 500 метр кыймыл чектелиши зарылдыгын эскерткен.