7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулар ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

762

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

27-мартта И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 2005-жылкы жана 2007-жылкы балдар кармалды. Баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 69 таңгак табылып алынган. Бул 1 гр. заттын базар баасы 10 000 сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 миң сомдон сатышууда.

Табылып алынган баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, “дозалап” сатылган баасы 11 млн 857 миң 500 сомго жетет.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 4-апрелде кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылкы тургуну кармалды.

Кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763