7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулардын саны аз мектептер бириктирилет

445

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен:

  • Ош облусунда – 22;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын бириктирүү иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары КР президентинин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү адистерди  жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.

Белгилей кетсек, буйрук КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы № 31-6 протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыкты.

446