7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулардын уулануусуна ылайык мектеп директоруна 23 миң сом айып пул салынды

429

«Байтик» айылындагы «Кут Билим» тарбиялоочу мектепте окуучулардын массалык уулануусу катталаган. Буга ылайык мектеп жетекчилигине 23 миң сом, ал эми башкы ашпозчуга 7 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.


Маалыматка ылайык, мектепте бир катар санитардык эрежелер сакталбагандыгы белгилүү болгон.


«Бул окуядан соң Аламүдүн райондук борбордун кызматкерлери мектепте текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада санитардык эрежелердин бузулушу аныкталып, мектеп жетекчилигине 23 миң сом айып пул салынды. Ал эми кампа кароолчусуна, азык-түлүк ташыгычка, медициналык кызматкерге жана башкы ашпозчуга 7 миң 500 сомдон айып салынган», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

430