Бүгүн, 30-июлда Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат. 200 метрди суучул брасс ыкмасы менен сүзөт.
Бул аралыкка жалпы 25 спортчу катышат. Алар 4 топко бөлүндү. Петрашов үчүнчү жарышта күчүн сынайт.
Сууда сүзүү боюнча беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де башталат.
Ал 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес. Бүгүн суучулдун медаль үчүн дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.