Бүгүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Талас, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +26…+31, Ош жергесинде +30…+35, Жалал-Абад менен Баткен облустарында +33…+35 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +36…+38, ал эми Чолпон-Атада +27…+29 градуска көтөрүлөт.