7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиадага катышкан 16 спортчуга автоунаа жана акчалай сыйлыктар берилди

232

XXXIII жайкы Париж Олимпиадасынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо салтанаттуу азем болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземине катышты.

“Манас” эл аралык аэропортунан олимпиадачыларды Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ошондой эле курама команданын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы салтанаттуу иш-чара Олимпиада оюндарынын катышуучуларына арналган кыска метраждуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң Олимпиаданын байге ээлери: Сейитбек Мунарбек уулу, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбековдорго сөз берилди. Алар Кыргызстандын элине, Президент Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Атап айтканда, коло медаль жеңген эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова өлкө жетекчилигинин колдоосу менен республикада спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондуктан Париж Олимпиадасында жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүн болду.

Улуттук курама команданын мүчөлөрүн куттуктап жатып, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз спортунун кышын кынап, пайдубалын түптөгөн, кыргыз элине эбегейсиз сыймык тартуулаган, аттары тарыхта алтын тамгалар менен жазылган улуу инсандарыбыз бар экенин баса белгиледи.

Ал бүгүн ошол аталар баштаган жол уланып, көз алдыбызда Париж Олимпиадасында кыргыз спортчуларынын көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын айтты. Бул жолку Олимпиада оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болуп калды.

Президент Садыр Жапаров миллиондогон күйөрмандарынын жана Кыргызстандын бардык жарандарынын атынан ар бир олимпиадачыга терең ыраазычылык билдирип, алардын жараткан ийгиликтери – элдин төбөсүн көккө жеткире кубантып, ажайып сезимдерге бөлөп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улут биримдигин бекемдеп жатканын кошумчалады.

Андан соң спортчуларга, машыктыруучуларга жана медицина кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи болду (акчалай сыйлык алгандардын тизмеси тиркелет).

 

  СУММЫ ДЕНЕЖНЫХ ВОЗНАГРАЖДЕНИЙ ПРИЗЕРАМ 33 ОЛИМПИЙСКИХ ИГР, ИХ ТРЕНЕРАМ И МЕДПЕРСОНАЛУ
  Ф.И.О Вид спорта Занятое место Сумма денежных призов
1. Сейитбек уулу Мунарбек Бокс 2-место 10 000 000
2. Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна Женская борьба 2-место 10 000 000
3. Тыныбекова Айсулуу Болотбековна Женская борьба 3-место 7 000 000
4. Мухмудов Акжол Махамаджанович Греко-римская борьба 3-место 7 000 000
5. Шаршенбеков Жоломан Назарбекович Греко-римская борьба 3-место 7 000 000
6. Узур Жусупбеков Даниярович Греко-римская борьба 3-место 7 000 000
7. Медет кызы Айпери Женская борьба 5-место 1 000 000
8. Исмаилов Амантур Туратбекович Греко-римская борьба 5-место 1 000 000
9. Алмаз уулу Бекзат Вольная борьба 5-место 1 000 000
10. Лазарев Айаал Петрович Вольная борьба 5-место 1 000 000
11. Петрашов Денис Евгеньевич Плавание 13-место 500 000
12. Трофимова Сардана Александровна Легкая атлетика 14-место 500 000
13. Акматалиев Эрназар Кубатбекович Вольная борьба 16-место 500 000
14. Шеров Эрлан Кубанычбекович Дзюдо 16-место 500 000
15. Печерских Елизавета Сергеевна Плавание 30-место 500 000
16. Айбек уулу Кубанычбек Дзюдо 32-место 500 000

 

Сумма вознаграждений тренеров

 

БОКС

1 Тологон уулу Данияр Главный тренер 3 000 000
2 Сагынбаев Улан Ибрагимович старший тренер 2 500 000
3 Султанбаев Беганас Шабидинович личный тренер 2 500 000
4 Оморов Турдалы Оморович первый тренер 1 000 000
ЖЕНСКАЯ БОРЬБА  
5 Изабеков Нурбек Канатбекович главный тренер женской команды 5 650 000
6 Кенжебаев Байгазы Бобунович старший тренер 4 500 000
7 Изабеков Чынарбек Корчубекович личный тренер Жуманазаровой 2 500 000
8 Жуманазаров Рахмадил Кадыркулович 1-й тренер Мээрим и Айпери 1 100 000
9 Аскарбеков Нурсултанбек Кошойбекович личный тренер Айсулуу 1 750 000
10 Базакечев Тугельбай Молдобаевич 1-й тренер Айсулуу 700 000
ГРЕКО-РИМСКАЯ БОРЬБА  
11 Эркимбаев Азат Сталбекович Главный тренер сборной команды 6 600 000
12 Карачолоков Улукбек Осконбаевич старший тренер сборной команды 5 500 000
13 Ахметов Мейрамбек Маратович Личный тренер Акжола 1 750 000
14 Жамалдин уулу Акпарали 1-й тренер Акжола 700 000
15 Махмудов Хаким Махмудович 1-й и личный тренер Жоламана 2 450 000
16 Мамбетов Раатбек Шабданбекович личный тренер Узура 1 750 000
17 Ювашбаев Аязбек Намасбекович 1-й тренер Узура 700 000
18 Мухтаров Дастан Капарович Личный тренер Амантура 250 000
19 Пиримкулов Чынгыз Абдыманапович 1-й тренер Амантура 100 000
ВОЛЬНАЯ БОРЬБА
20 Маджинов Руслан  Муратович Главный тренер сборной команды 750 000
21 Таабалды уулу Суймонкул старший тренер сборной команы 875 000
22 Мамышев Ырысбек Барыктабасович личный тренер Эрназара 125 000
23 Сыдыкбеков Канатбек Акматалиевич 1-й тренер Эрназара 50 000
24 Кочаров Рустам Мукашевич личный тренер Бекзата 250 000
25 Суймоналиев Нуржан Шаршенкулович 1-тренер Бекзата 100 000
ДЗЮДО
26 Юнусов Абдужалил Мажитович главный тренер сборной команды 300 000
27 Кладнов Сергей Юрьевич старший тренер сборной команды 250 000
28 Кузьмин Роман Владимирович Личный и 1-й тренер Шерова 175 000
29 Жусупов Бакыт Качкынбекович личный тренер Кубанычбека 125 000
30 Омурзаков Улукбек Абдылдаевич 1-й тренер Кубанычбека 50 000
ЛЕГКАЯ АТЛЕТИКА
31 Исаков Айып Исакович Главный тренер 150 000
32 Полубабкин Андрей Викторович старший тренер 125 000
33 Жиркова Татьяна Юрьевна личный тренер Сарданы 125 000
ПЛАВАНИЕ
34 Петрашов Евгений Георгиевич главный тренер, личный тренер, 1-й тренер Дениса и Елизаветы 600 000
35 Захаров Юрий Андреевич 1-й тренер Елизаветы 50 000

 

Мед персонал

 

1 Алишева Бактыгуль Насыровна Врач 1 375 000
2 Бичанов Иса Тулегенович врач 1 375 000
3 Еремич Константин Марьянович массажист 1 375 000
4 Кыдыев Улугбек Усуевич массажист 1 375 000

 

 

 

 

233