7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчулар, тайпалар жана мамлекеттердин Олимп оюндарындагы «натыйжалуулугу»

306

Үч-төрт күндөн бери интернетте – Париждеги Олимп оюндарында утуп алынган медалдар боюнча, киши башына санаганда, дүйнөдө биринчи орунда Кыргызстан турат деген жадыбал тарай баштады. Кыргызстандан Олимпиадага барган 16 спортчунун алтоо медаль алды, ошондуктан, тайпанын «натыйжалуулугу» 38% (6:16×100=38%). Башка көптөгөн өлкө алда канча көп адам жиберген, бирок ошончо эле медаль алган.

1-сүрөт: Жарымы чын жадыбалдын өйдө жагы

Мындай логиканы улантса, мисалга, Кыргызстан Парижге 6 гана адамды – Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жузупбековду жиберип, алар алтоо алты медаль утуп, кыргыз тайпасынын «натыйжалуулугу» 100% болмок. Бирок спорт менен турмушта андай болбойт, мелдешке канчалык көп адам катышса, ошончолук мүмкүнчүлүк жогору.

Бул жарымы чын жадыбалда Кыргызстандан кийинки 2-орунга Түндүк Корея коюлган – ал Олимпиадага 18 адам жиберип, 6 медаль алган (2 күмүш жана 4 коло) имиш. Бирок чындыгында бул өлкөдөн Париж Олимпиадасына 13 спортчу келген, ошол себептен алардын «натыйжалуулугу» Кыргызстандыкынан жогору. Он үч деген сандын ордуна 18 деп жазып коюп, өлкөнү дүйнөдөгү биринчи орунга чыгарып койсо болот экен да.

Түндүк Кореядан кийинки 3-орунга Гренада коюлган – бул өлкөдөн 6 спортчу келген имиш жана алар 2 медаль уткан. Интернетте Гренада тууралуу толук маалымат жок экен, бирок уюштуруучулардын маалыматы боюнча, өлкөдөн Олимпиадага 3 адам келип, экөө коло медаль тагынган. Демек, «натыйжалуулук» боюнча Гренада дагы Кыргызстандан алдыга чыккан. Башкаларды текшербей эле коёлу.

Олимп оюндары учурундагы кайсы мамлекет канча медаль утуп алганы боюнча рейтинг расми түрдө таанылбайт, бирок андай көрсөткүчтөр ар бир Олимпиада учурунда дайым саналып чыгат жана маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат.

2-сүрөт: 2024-жылдагы Олимпиаданын расми эмес рейтингиндеги алдыңкы мамлектетер

Негизги мааниге алтын медалдары ээ, рейтингди түзүүдө эң биринчи кезекте алтын медалдары эске алынат. Эгер кайсы бир өлкө башка мамлекетке караганда, жалпысынан, көбүрөөк медаль уткан болсо, бирок экинчи өлкөнүн алтыны көп болсо, алдыга ошол экинчи мамлекет коюлат.

Ушул өңүттө Борбор Азия мамлекеттеринин Париж Олимпиадасындагы жыйынтыктарын карап көрөлү. Алтын медалга 3 упай, күмүшкө – 2, колого 1 упай берип санасак, биринчи орунга 31 упай менен Өзбекстан чыгат (8+2+3), экинчи Казакстан болот (12 упай – 1+3+3), үчүнчү – Кыргызстан (8 упай – 0+2+4) жана төртүнчү орунда 3 упай менен Тажикстан калат (0+0+3). Түркмөнстан медаль ала алган жок.

Бирок ар бир улуттук тайпанын же аларды даярдаган мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү эмеспи жана алардын мелдешке жиберген спортчуларынын саны дагы ар башка. Эгер утуп алынган медалдардын Олимп оюндарына келген спортчуларынын санына болгон катнашын карап көрсөк, жагдай башкача болуп чыгат. Муну кандайдыр бир ченемде спортчулардын жана мамлекеттин «натыйжалуулугу» десе болот.

Өзбекстандан Парижге 83 спортчу барып, 13 медаль утту, Казакстандын намысын коргогон 79 адам 7 медалга ээ болду, Кыргызстандан барган 16 адам 6 медаль алды, Тажикстандын 14 спортчусу 3 медалга жетти жана Түркмөнстандан келип катышкан 19 спортчу медаль ала алган жок.

Ошондо 6 медалды 16 адамга бөлүп, пайыздаштырсак, кыргыз спортчуларынын «натыйжалуулугу» 37,5% болот. Тажикстан 21,4 пайыз менен 2-орунга чыгат, Өзбекстандыкы – 15,7% жана Казакстандыкы 8,9% болот. Бул көрсөткүч боюнча Борбор Азия гана эмес, дүйнө боюнча дагы Кыргызстан алдыңкы орундарда.

3-сүрөт: 2024-жылдагы Олимпиаданын расми эмес рейтингиндеги Кыргызстандын орду

Алтынга 3 упай, күмүшкө – 2, колого 1 упай берип санасак дагы Борбор Азия боюнча биринчи орунда Кыргызстан – 50% (16 адам жана 8 упай), Өзбекстандыкы 37,3% (83 – 13), Тажикстандыкы 21,4% (14 – 3) жана Казакстандыкы – 15,2% (79 – 12) болуп чыгат.

Эгер башка көрсөткүчтөрду дагы эске алып, мисалга, утуп алынган медалдардын санынын ар бир өлкөнүн жалпы дүң өндүрүмү же казынадан спорт тармагына бөлүнгөн каражатка болгон катнашын карап-санап көрсөк, мындан да кызык жыйынтыктар чыгышы мүмкүн.

Мисал үчүн эң жөнөкөй көрсөткүчтү – элдин санын алып көрөлү. Кыргызстандын калкы 7 млн адам, Өзбекстандыкы – 37, Казакстандыкы – 20, Тажикстандыкы 10 млн. Медалдар санынын элдин жалпы санына болгон катнашын чыгарсак, кыргыз элинин «натыйжалуулугу» 86 деген көрсөткүч болуп чыгат, Өзбекстан менен Казакстандыкы – 35 жана Тажикстандыкы – 30.

Бирок Жаңы Зеландиянын бул көрсөткүчү – 400, Австралияныкы – 196, Мажарстандыкы – 190, Нидерланддыкы – 188, Хорватияныкы – 175, Данияныкы – 150, Литваныкы – 138, Норвегияныкы – 133, Францияныкы – 97, Улуу Британияныкы – 93.

4-сүрөт: Кыргыз улуттук курама тайпанын 13 августта Бишкекке келиши © Sport AKIpress

Ал эми өнүккөн Канада менен Италиянын бул көрсөткүчү Кыргызстандыкынан төмөн – 68, Түштүк Кореяныкы – 63, Германияныкы – 39, Америка кошмо штаттары менен Жапонияныкы – 37, Ирандыкы – 13, Түркияныкы – 9, Кытай менен Индияныкы – болгону 6 жана 0,4. Тереңирээк талдоо кылыш үчүн, бирдей шартка алып келинген бир нече көрсөткүчтүн таасирин карап чыгыш керек.

Акыркы мезгилде спорт – илим, технологиялар жана медицинанын мелдешине айланып баратат, өнүккөн мамлекеттерде ар бир спортчуга көптөгөн адис жардам берип, анын ийгилигине салым кошот. Кыргызстан ушул жагына көбүрөөк көңүл бурса, мындан да жогорку жетишкендикке ээ болоору анык, анткени азыркы ийгилик, негизинен, спортчулардын таланты жана алардын машыктыруучуларынын эмгеги менен байланыштуу.

307