7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстандагы кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди

510

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык жардам Афганистандын Бадахшан провинциясыдагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле жергиликтүү бийликтин этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана пландарын талкуулады.

Белгилей кетсек, миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

511