Нижний Тагил шаарындагы ооруканадан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын 300дөн ашык дозасы уурдалган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары полицияга чалып, вакциналар 15-ноябрдан 16-ноябрга чейинки аралыкта кызматтык бөлмөдөн уурдалгандыгын кабарлаган.
«Күндүзгү убакытта медициналык мекеменин имараты «Великан» жеке күзөт уюму тарабынан кайтарылат. Ал эми түнкүсүн күзөттө турган адам мурда соттолгондугу маалым болду»,-деп берилет билдирүүдө.