Энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана электр тармактардагы авариялык абалды алдын алуу максатында “Ошэлектр” ишканасы Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр энергиясын пайдаланууга берилген техникалык шарттардын жана электр энергиясын пайдалануу эрежелерин аткарылуусун тынымсыз көзөмөлдөө максатында рейддерди уюштурууда. Рейддердин жүрүшүндө электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталып жатат.

Чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч жана башка жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Урматтуу керектөөчүлөр, алдыда катаал кыш мезгили келе жатат. Кыш айларында калктын калын катмарын жетишерлик жарык менен камсыз кылуу үчүн электр энергиясын максатсыз колдонуудан алыс болуңуздар”, — деп айтылат маалыматта.

Экономика тармактарын жана калкты 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө өкмөттүн №137 токтомунун негизинде Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери бекитилген.

“Ошэлектр” ишканасы боюнча 16-ноябрга карата бекитилген лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 31,5 млн кВт саат же 21,6%га ашыкча. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 млн кВт саат же 24,4% ашыкча болууда.

Аталган ишкана жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр) колдонууну эскертет жана электр энергияны туура пайдаланууну сунуштайт.

Кадамжайда энергетиктер түтүнмө-түтүн кыдырып, жылыткычтарды пломбалашууда