7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жаран 82 баш кымбат кой уурдап, Өзбекстанга сатып жибергени аныкталды

1154

Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1973-ж.т. Ж.Ы. Сузак РИИБне арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 19-июнь күнү баласы 26 баш кой жана 25 баш козуларын (жалпы 51) талаага жайганы чыгып, үйүнө келе берген учурда койлору талаадан жоголгондугун, натыйжада ири өлчөмдө зыян тарткандыгын билдирген.

Дагы бир Сузак районунун тургуну Х.Г. РИИБге арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү болжол түш чамасында Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Натыйжада жалпы эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары “Гиссар” породасында экендиктерин билдиришкен.
Аталган фактылар Сузак РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы мал уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери, тиешелүү ыкчам кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун тургуну 1977-ж.т. Ш.М. кармалып, тергөөгө камсыздалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү Ш.М. 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү уурдалган порода койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстан Республикасына өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш койлор ээлерине кайтарылган. Өз учурунда жабырлануучулар милициянын дарегине ыраазычылык билдиришип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1155