Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар бөлүмү орозого байланыштуу эң көп берилүүчү суроолорго жооп берет.
— Оорулуу жана мусаапыр адамдын орозосу
Орозодо адам ооруп калса же мурунтан ооруп жаткан болсо, орозо кармоо анын оорусун күчөтүп жиберүү коркунучу болсо, анда орозону токтотуп, башка күндөрү казасын кармап берет.
Сапардагы адамдын орозо кармоосу зыян болбосо кармаганы жакшыраак болот. Анткени Рамазан айы орозо кармоонун эң артык мезгили болоп эсептелет.
Мусапыр адам сапарда каза болуп калса же оорукчан адам ооруган бойдон айыкпастан каза болсо, анда алардын калган орозосунун казасы милдет болбойт.
Оорулуу адам оорусунан айыгып, анан каза болсо же мусапыр адам сапардан кайтып келип, анан каза болгон болсо анда калган орозолорунун казасы милдетүү болуп калат.
Рамазанда кармалбай калган орозону мүмкүн болушунча тез арада удаама-удаа кармап берсе да болот. Бөлүп-бөлүп тутуп берсе дагы болот. Кармалбай калган орозонун ордуна фидя берсе өтпөйт.
Эгер кармалбай калган каза орозолорду кармаганга чейин кийинки орозо кирип келсе, анда алгач кирип келген орозону кармайт.